Menu
Эл-Сөздүк

Административная юстиция

АДМИНИСТРАТИВДИК ЮСТИЦИЯ – мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдуулукту сактоого көзөмөл жүргүзүү боюнча атайын сот жана сот өңдүү органдардын тармагы, ошондой эле (кыйла тар маанисинде), бир жагынан, административдик иштерди, жарандар менен юридикалык жактардын, экинчи жагынан, мамлекеттик башкаруу органдарынын ортосундагы административдик-укуктук талаштарды кароонун процесстик тартиби. Акыркы маанисинде, соттук териштирүүнүн негизги элементтерин сактоо менен жүзөгө ашырылгандыктан, сот ишмердигинин бир түрү болуп саналат. Биркатар чет өлкөлөрдө А. ю. тармагы ХIХ кылымдын экинчи жарымында эле калыптанган. Азыркы учурда атайын административдик (Франция, Германия, Швейцария ж. б.), же ведомстволук административдик соттор менен айкалышкан жалпы соттор (АКШ, Улуу Британия ж. б.) анын органы болуп саналат. Кээде аткаруучу бийлик органдарынын, же жалпы юрисдикциядагы соттордун алкагындагы өзгөчө бөлүмдөр тарабынан жүзөгө ашырылат.
Перевести через онлайн Переводчик

Examples of translations: Административная юстиция

Russian Kyrghyz
Административная структура органов единой государственной системы регистрации прав на недвижимое имущество Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун бирдиктүү мамлекеттик тутумунун органдарынын администрациялык структурасы
3) квалификационным требованиям, установленным для государственной службы общественного административная должность административного вакансий; 3)административдик мамлекеттик ваканттык кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар;

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: